Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:50

Болгариянын мурдагы премьер-министри кармалды


Бойко Борисовдун кармалган учуру. Ал автоунаанын арткы орундугунда олтурат.
Бойко Борисовдун кармалган учуру. Ал автоунаанын арткы орундугунда олтурат.

Болгарияда мурдагы премьер-министр, “Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн” деп аталган оңчул партиянын лидери Бойко Борисов кармалды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги ал Европа Биримдигинин прокуратурасынын каражаттарды ашыкча пайдалануу боюнча иликтөөлөрүнүн алкагында кармалганын маалымдады.

Борисов менен чогуу мурдагы финансы министри Владислав Горанов, парламенттин финансылык комиссиясынын экс-жетекчиси Менда Стоянова жана өкмөттүк маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси Севдалиан Арнаудова да кармалды.

Болгар улуттук телеканалы кабарлагандай, Евробиримдиктин каражаттарынын мыйзамсыз пайдаланылышы боюнча 120 фактыдан ашыгыраак факты аныкталган. Тинтүү жана документтерди алуу өлкөдөгү көптөгөн даректерде жүргүзүлдү.

Болгариянын азыркы премьер-министри Кирил Петков “Фейсбуктагы” баракчасында “мыйзамдан бийик эч ким жок” деп жазды.

Бойко Борисов Болгариянын өкмөтүн 2009-жылдан 2021-жылга чейин үч жолу жетектеген. 13-мартта ал жогоруда аталган партиянын төрагалыгына шайланган. Бул партия мындан башка дагы бир нече коррупциялык жаңжалдарга байланыштуу да аты чыккан жана ал Болгарияда бир топ наарызылыктар толкунун жараткан.

Transparency Internаtional эл аралык уюму Болгарияны Европа Биримдигинин башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу коррупциянын деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарына кошот. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG