Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Сот Ошурахунованы "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актады


Динара Ошурахунова жана анын адвокаттары сотто.
Динара Ошурахунова жана анын адвокаттары сотто.

Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочу Динара Ошурахунованы "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актады. Сот Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн жосунсуз жоруктардын белгиси жоктугуна байланыштуу ишти кыскартты. Ага карата экинчи берене - "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" боюнча сот 25-мартка белгиленди.

18-марттагы жараяндын жүрүшүндө айыптоочу тарап Ошурахуновага 5500 сом айып пул салууну өтүнгөн.

Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы 17-мартта эртең менен милиция кармап кеткен. Алар айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар менен чогуу Украинадагы согушка каршылык билдирип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгышкан. Алар сурактан кийин райондук сотко жеткирилип, жараян жылган соң үйлөрүнө кетишкен. Сот Динара Ошурахунованын ишин бүгүн, 18-мартта карап, Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин 22-мартка белгиледи.

Милиция кызматкери Аман Кызалаков териштирүүдө укук коргоочуга карата айыптоону окуп жатканда залда нааразылык жаралып, сот үзгүлтүккө учурап, кайра уланды. Милициянын айыптоосунда Ошурахунова элчиликтин алдында адаттан тыш жорук жасап, өзүн агрессивдүү алып жүргөнү айтылат.

Ал өз дарегине карата айтылган айыптарды толугу менен четке какты.

Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" жана "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айып коюлуп жатканын "Азаттыкка" билдирген.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Акыйкатчы институту мындай чечим Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаарлар талкаланды. Үч миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG