Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Аба ырайы: кар аралаш жамгыр жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-20-март күндөрү Кыргызстандын туруксуз аба-ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат.

19-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Бишкекте суу кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° болот.

XS
SM
MD
LG