Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Бишкекте акцияга чыккан укук коргоочулардын соту башталды


Укук коргоочулардын соту. 18-март, 2022-жыл. Бишкек
Укук коргоочулардын соту. 18-март, 2022-жыл. Бишкек

Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына акцияга чыккан укук коргоочу Динара Ошурахунованын ишин карай баштады.

Милиция кызматкери Аман Кызалаков укук коргоочуга карата айыптоону окуп жатканда залда нааразылык жаралып, сот үзгүлтүккө учурап, кайра уланды. Милициянын айыптоосунда Ошурахунова элчиликтин алдында адаттан тыш жорук жасап, өзүн агрессивдүү алып жүргөнү айтылат.

"Мен макул эмесмин. Мунун баары ойдон чыгарылган айыптоо. Биз ал жерде кыйкырган эмеспиз. Болгону үч киши болчу, биз ар бирибиз өз өзүнчө келдик. Мен эң акыркы келип кошулуп, четте турганбыз. Ошол учурда 18 кызматкер, ошонун ичинде милиция, 10-бөлүмдүн өкүлдөрү бар болчу. Биз тараптан агрессивдүү аракеттер болгон эмес", - деди Ошурахунова.

Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы 17-мартта эртең менен милиция кармап кеткен. Алар айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар менен чогуу Украинадагы согушка каршылык билдирип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кетип, суракка алган. Андан кийин райондук сотко жеткирилип, жараян жылган соң үйлөрүнө кетишкен. Сот Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин 22-мартка белгиледи.

Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" жана "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айып коюлуп жатканын "Азаттыкка" билдирген.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаарлар талкаланды. Үч миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG