Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун К.К.К. аттуу кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде ("Опузалап пара алуу") каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында колго түшкөн.

УКМК шектүү Бишкек шаарында Кытайдын жаранынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 3000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG