Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Кыргызстанда иштөөгө уруксат алгандардын 54% кытайлыктар түздү


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Өткөн жылы чет өлкөлүк жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүдөн түшкөн каражат 169,8 млн. сомду түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 16% көп.

Мындай кабарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, 2021-жылы Кыргызстан 16 610 чет элдиктин иштөөсүнө уруксат берген.

Алардын арасында 95 өлкөнүн жарандары бар.

Кыргызстанга иштөөгө уруксат алгандардын 54% же 6 миңге жакынын Кытайдын жарандары түзөт. Кийинки орунда Түркия (17% же 1814), Пакистан (5,5% - 603 киши), Корея (3%- 328 киши), Индия (2,8% - 303 киши), АКШ (2% - 223 киши), Вьетнам (2,2% же 239 киши), Ооганстандын (1,8% же 195 киши) жарандары турат. Чет элдиктердин көбү курулуш жана өндүрүш тармагында, дагы бир бөлүгү энергетика, геология, тоо-кен тармагында, соода, коомдук тамактануу жайларында иштешет.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жокторго, көбүнчө Түркия, Пакистандын, Индиянын жарандарына 12 миң 746 эмгек категориясындагы виза берилген. Эки мекеменин маалыматында Бангладештин жарандары тууралуу айтылган эмес.

Өткөн аптада Кыргызстанга иштегени келген Бангладештин он чакты жараны эмгек келишими бузулуп, аз айлык алып жатканын, башка чарбалык жумуштарга тартылганын айтып чыгышкан. Жумуш берген тарап муну четке каккан. Тигүү цехине иштегени келгендердин даттануусун милиция текшерип жатат.

Кыргызстандын жарандары арасында жумушсуздардын саны расмий маалымат боюнча 2021-жылы 3,4% өскөн. Ошол эле учурда тигүү тармагы болжол менен 20-40 миңдей квалификациялуу тигүүчүгө муктаж экени айтылып келет. Бул тармакка Өзбекстандын жарандарын алып келип иштеткен учурлар көп экени белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG