Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында "Бириккен дан компаниясы" ишканасынын башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Москвадагы жолугушууда Кыргызстанга дан жеткирүү маселеси, анын көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана "Бириккен дан компаниясынын" Кыргызстандагы филиалынын ишине көмөк көрстөтүү боюнча биргелешкен аракеттер талкууланды.
"Бириккен дан компаниясы" – дүйнөлүк рынокто орусиялык дан азыктарынын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору. Орусиянын дан азыктарын экспорттоочу эң ири беш өкүлүнүн катарына кирет.
Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттады. Дүйнө коомчулугу Орусияга карата катаал экономикалык санкцияларды киргизип жатат.
Москва Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салган.
Өткөн аптада Бишкектеги чоң супермаркеттер айрым чектөөлөрдү киргизип, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү азык-түлүк сатыла баштаган. Базарларда, ири дүкөндөрдө кумшекердин, өсүмдүк майынын баасы кымбаттаган.
Өкмөт Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар экенин билдирип, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда.