Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Орусия Киевге жана Львовго чабуулун күчөттү


Орусиялык аскерлер бомбалаган Киев шаары.
Орусиялык аскерлер бомбалаган Киев шаары.

Украинанын Львов шаарынын мэри Андрей Садовый орусиялык авиация 18-марттын таңынан бери шаардык аэропорт жайгашкан районго улам чабуул жасап жатканын маалымдады. Ал Телеграм-каналда авиа оңдоочу заводго бир нече ракета түшкөнүн жазды. Курмандыктардын саны азырынча белгисиз.

Кийинчерээк украин аба күчтөрү Львов шаарына Кара деңиздеги орусиялык суу астындагы кемесинен алты ракета атылганын кабарлашты. Алардын экөөнү абадан коргонуу системалары атып түшүргөн.

Киев шаардык администрациясы 18-мартта калаанын Подоль районундагы квартал аткылоого кабылганын билдирди. Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы мындан кеминде бир адам өлүп, 19у жаракат алганын тактады.

Согуш башталгандан бери борбор шаардын жашоочуларынын жарымы сыртка чыгып кеткенин мурдараак мэр Виталий Кличко айткан. Шаардагы турак жайлар аткылоого кабылып жатканы тууралуу маалыматтар жергиликтүү бийликке күн сайын түшүп жатат.

Орусия башынан Украинаны өзү чектешкен аймактардан, Беларустун аймагынан жана Кара деңиз жактан чабуул койгон. Акыркы күндөрү Мариупол шаарын аткылап жаткан. Украин бийликтери бул шаар дээрлик тыптыйпыл болуп калганын билдирүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, үч миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG