Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Саламаттык сактоо министрлиги Түркиядан дары-дармек алып келүүнү макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Түркиядан дары-дармек жана медициналык шаймандарды алып келүүнү макулдашты. Мындай келишим саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Түркияга иш сапарынын алкагында жетишилген.

"Бул Украинада болуп жаткан кырдаалга байланыштуу дары-дармек рыногун толуктоого мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылган Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта.

Бейшеналиев 17-мартта Түркияда кесиптеши Фахреттин Кожа менен жолугушкан.

14-мартта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында доллардын курсуна байланыштуу дары-дармектин баасы да өсүшү ыктымал экени айтылган. Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев Кыргызстанга дарылардын 5% Украинадан, 16% Орусиядан алып келинерин белгилеген. Ал Кыргызстандын фармацевтика фирмаларында эки-үч айга жете турган запас бар экенин айткан.

Буга чейин Орусиянын Украинага басып киришинин артынан Кыргызстандагы дары-дармек базарында кырдаал оорлогону 2-мартта дары коопсуздугуна байланыштуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөргөн кеңешмеде айтылган. Анда Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов Кыргызстанга 30дан ашуун өлкөдөн дары-дармек жана медициналык каражаттар импорттолорун, анын 60% жакыны Орусия менен Украинага таандык экенин белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG