Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

«KAZ Minerals Bozymchak» компаниясы ишин жандандырды


Бозымчак алтын кени. 26-декабрь, 2020-жыл.
Бозымчак алтын кени. 26-декабрь, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозымчак алтын кенин иштеткен казакстандык «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы 26-декабрда ишин кайра жандандырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлап, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков ишембиде сөз болуп жаткан ишканага барганын билдирди.

«Ишкананын иштебей токтоп калуусунан улам бардык жагынан жоготуу болду, мисалы, бюджетке салык төгүлбөй, 1000ге жакын адам жумушсуз калган. Эми биздин жарандар жумушуна кайтып келишти, социалдык төлөмдөр жана бюджетке чегерүүлөр жүргүзүлөт», - деди Новиков.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «KAZ Minerals Bozymchak» ишканасында.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «KAZ Minerals Bozymchak» ишканасында.

Кыргызстанда 5-6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Бозымчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жана Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» компаниясы да өндүрүшүн токтоткон.

«KAZ mineralz Bozymchak» ишканасынын эмгек жамааты 11-декабрда өндүрүштү жандандырып, ишке кайтууну талап кылып Бишкекте митинг өткөрүшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG