Бүгүн түрк президенти Абдулла Гүл түркмөн мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов менен сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тараптуу кызматташтыкка тиешелүү бир топ келишимдерге кол коёт деп жатышат. Алар Ашгабадда түркмөн-түрк университетинин курулушу башталганын туюндурган аземге да катышмакчы. Эртең болсо Гүл бул өлкөдө иштеген түрк бизнесмендери менен жолугат.