Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Жети-Өгүздүн акимин митингчилер Тамгага алып баратат


Жети-Өгүз районунун акими Жаныбек Дүйшөмбиевди митингчилер өз унаасына салып Тамга айылына алып баратат. Бул тууралуу көлдөгү кабарчыбыз билдирүүдө. Алар бүгүн түнү кармалган жүздөй митингчини бошотууну талап кылууда.

Кумтөр ишканасына каршы миңдей митингчи кечээ Тамга айылына келип, компаниянын подстанциясын өчүрүп салган. Окуя учурунда милиция жаалданган элге туруштук бере албай калган.

Соңку маалымат боюнча, электрди өчүрдү делген жүздөй кишини тартип коргоо органдары подстанциянын аймагынан чыгарбай кармап турат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG