Парламент тез арада чукул жыйынга чогулуп, Жети-Өгүздөгү окуяны талкуулашы керек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков билдирди. Ал мындай сунушун бүгүн төрага Асылбек Жээнбековго айтканын билдирди. Депутаттын пикиринде, элге өкмөт тарабынан күч колдонулгандыктан эми бул маселеге парламент гана арачы боло алат.
Бүгүн Барскоон айылында митингчилер менен милиция ортосунда башаламандык чыгып, бир нече киши жараат алды. Митинг дүйшөмбү күнү Кумтөр ишканасына каршы талап менен башталган. Кечээ анын катышуучулары Кумтөрдүн подстанциясын өчүрүп салган. (ZB/RK)