Кумтөр боюнча канадалык инвестор "Центерра голд" менен сүйлөшүү жакшы жүрүп жатат. Канадалык тарап жаңы биргелешкен ишкана түзүп, анын директорлор кеңешинин курамын 50/50 форматында бекитүүгө макул болууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте пресс-конференцияда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди:
- Алар Кумтөр боюнча "Центеррага" баш ийбеген жаңы биргелешкен ишкана ачып, аны Кыргызстанда каттоого макул болууда. Активдердин бөлүштүрүшү кандай болооруна карабастан, анын директорлор кеңешинин курамын 50/50 кылууга, ал кеңештин төрагасын жыл сайын алмаштырып турууга да макул. Бул өтө позитивдүү кадам.
Көлдөгү Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык "Центерра" компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, бир нече салык жана экология талаптарын аткаруу боюнча инвестор менен сүйлөшүү жүргүзүүгө парламент өкмөткө үч айлык мөөнөт берген. Бул мөөнөт бүгүн аяктады, бирок, өкмөттүн билдиргенине караганда, дагы күзгө чейин узартылмай болууда. (RK)