Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Москва: Орусия Сирияга курал жеткирүү боюнча келишим шарттарын аткарууда


Орусия Сирияга курал жеткирүү боюнча келишимдин шарттарын аткарууда, бирок Москва Дамаск менен курал боюнча эч кандай жаңы келишимдерге кол коё элек. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Влад Ушаков билдирди.

Бүгүн орусиялык “МиГ” ишканасынын башкы директору Сергей Коротков журналисттерге маалымат берип жатып, Сириянын президенти Башар ал-Асаддын режимине Орусия истребителдерди жөнөтөрүн кабарлаган. Анын айтымында, учурда Сириядан келген делегация Москвада бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Канча истребител жөнөтүлөрү так айтылбаганы менен, кеминде 10 учак кетери айтылууда.

Бул кабар Орусия Сирияга S-300 ракеталарын жөнөтпөй калганы тууралуу орус журналисттери жазып чыккандан кийин пайда болду.

Айрым макалаларда, Асад "ракеталарды алдым" деп кабарлаганы менен, алар Сирияга жете электиги жазылган эле.

Сириянын президенти Орусиядан S-300 ракеталарын ала баштаганын 30-майда Ливанда “Хезболла” куралдуу тобу менен байланыштагы телеканалга кабарлаган. Анда президент "Орусиядан алынган S-300 ракеталарынын калганы жакын арада келет” деп билдирген. (AiK)

XS
SM
MD
LG