"Мыйзамсыз акциянын бардык катышуучулары адилет жазасын алышы керек”, - деп белгиледи бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн күч органдары менен кеңешмеде.
Мамлекет башчысы Кумтөр кенине автожолду тосууга, төрт чек ара тозотун жана өлкөнүн эң ири өнөр жай ишканасына электр энергиясын берүүнү токтотууга алып келген жагдайларды кылдат изилдеп чыгууну тапшырды.
Быйыл 27-майда Жети-Өгүздүн Саруу айылында Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимдин денонсацияланышын, бир топ социалдык долбоордун ишке ашырылышын талап кылган митингчилер кечээ Кумтөр ишканасынын электрин өчүрүп салган. Бүгүн ошол ишке тиешеси бар деп кармалгандардын бошотулушун талап кылып бараткандарды милиция Барскоон айылынын тушунан тосуп, атайын каражаттарды колдонуу менен токтотту. Митингчилер милициянын өзүн ташбаранга алып, унааларын талкалап салды. (RK)