Жети-Өгүздө абал тынчыды. Кабарчыбыздын айтымында, дүйшөмбүдөн бери түрдүү нааразылык акцияларын уюштуруп келаткан эл тарап кетти. Тамга айылындагы Кумтөрдүн подстанциясынын тегерегинде гана жыйырма чакты киши калды. Буга чейин алар подстанцияны өчүрүп салган. Айланада тартип коргоо кызматкерлери көрүнбөйт.
Президенттин жарлыгы менен бүгүнтөн тарта 10-июнга чейин Жети-Өгүздө өзгөчө абал тартиби киргизилди. Кечки тогуздан таңкы алтыга чейин коменданттык саат. (MK/RK)
Президенттин жарлыгы менен бүгүнтөн тарта 10-июнга чейин Жети-Өгүздө өзгөчө абал тартиби киргизилди. Кечки тогуздан таңкы алтыга чейин коменданттык саат. (MK/RK)