Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Жалал-Абадда элдик губернатор алгачкы жыйынын өткөрдү

Медер Үсөнов 15 адамдан турган координациялык кеңешме түздү. Кеңешменин мүчөлөрү Жалал-Абадда коопсуздукту камсыз кылуу өтүнүчү менен облустук ички иштер башкармасына кат жөнөттү. Облбийликтин короосунда түндө саат ондо митинг болуп, анда Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу, Кумтөр боюнча Жети-Өгүз районунун тургундарына ачылган кылмыш иштерин токтотуу, “Ата-Журт” партиясынын камактагы үч депутатын бошотуу талаптары коюлду.

Медер Үсөнов митингчилерге кайрылып, тынчтыкты сактоону, ар кандай
ушак-айыңдарга, чагымдарга берилбөөгө үндөдү. (YA)
XS
SM
MD
LG