Депутаттардын ант берүү жөрөлгөсү бүгүн борбор Исламабаддын өкмөттүк имараттар жайгашкан “Кызыл зонасы” катуу кайтарылган шартта өттү.
Эми парламент төрагасы дүйшөмбү күнү, ал эми Навази Шариф премьер-министрликке шаршемби күнү шайланары күтүлүүдө.
Майдагы парламенттик шайлоонун натыйжасында Шарифтин "Мусулман лигасы" партиясы парламенттеги 342 орундун 177син жеңип алган. Мынчалык сандагы добуш менен "Мусулман лигасы" президент Асиф Али Зардарини сентябрда беш жылдык бийлик мөөнөтү бүткөндө кийинки мөөнөткө оңой эле өткөрбөй койо алат.
Зардаринин Пакистан Элдик партиясынын коалициялык өкмөтү өлкө көз карандысыздык алгандан берки тарыхта биринчи жолу мөөнөтүн толук иштеген өкмөт болду.
Пакистанда бийлик бир саясий күчтөн экинчисине алгачкы жолу демократиялык жол менен берилүүдө. (UE)