Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышевдин маалыматына караганда, Жалал-Абад шаардык прокуратурасы облустук акимиаттын имаратын ээлеп алуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул ишти тергеп иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырылды.
Жалал-Абадда Кумтөр кенине байланыштуу талаптар менен чыккан жетиөгүздүктөрдү колдоо акциясы 31-майда башталган. Митингичилер бул күнү “Ата-Журт” партиясынын камактагы үч депутатын (К.Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытов) бошотуу талаптарын коюшкан.
Митингичилер облустук акимчиликтин имаратын ээлеп, “Ата Журт” партиясынын өкүлү Медер Үсөновду элдик губернатор деп жарыялашкан болчу.(BkA)