Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:54

Талас: кен иштетүүгө каршы нааразылык акциялары өтөт


Бул тууралуу “Талас эл ынтымагы” кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов билдирди. Анын айтымында, кыймылдын мүчөлөрү бүгүн чукул жыйналыш өткөрүп, атайын билдирүү кабыл алды. Анда Жети-Өгүздөгү Кумтөр кенине байланыштуу митингге чыккандардын талаптарын колдоп, аталган кыймыл жакынкы күндөрү Таластагы кендерди иштетпөө талабы менен нааразылык акциясын баштай турганы айтылган.

Шейшеновдун айтымында, учурда кенди иштетпөө талабы менен кол чогултулуп жатат. Жакынкы күндөрү кыймылдын мүчөлөрү Бишкекке барып, нааразылык акцияларын башташмакчы.

Таласта өткөн айда кендерди иштетүүгө каршы нааразылык акциялары болуп өткөн. Анда нааразылык акциясына чыккандар - Кумтөр маселеси чечилмейинче облустагы Жерүй, Талды-Булак сыяктуу кендерди иштетүүгө каршылыгын билдиришкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG