Облус аймагында кооптоно турган бир да жагдай жок деп билдирди өкмөттүн облустагы өкүлү Токон Мамытов.
Бүгүн Жети-Өгүз району боюнча комендант Бактыбек Жусубалиев башында турган облустук, райондук милиция райондун борбору Кызыл-Сууда жеригиликтүүлөр менен жыйын өткөрөт. Ага аксакалдар, жаштар кеңештеринин өкүлдөрү катышып, коопсуздук, тартип маселелери талкууланып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.
Жети-Өгүздө 27-майда башталган нааразылык акциясы 1-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин токтотулган. 31-майдан 10-июнга чейин президент Алмазбек Атамбаев Жети-Өгүз районуна өзгөчө абал киргизген. Буга стратегиялык аймактардагы электр жарыктарын өчүрүү, милиция менен нааразы тараптын кагылышуусу себеп болгон.
Митингдин катышуучулары “Центерра Голд” менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну, социалдык маселелерди чечүүнү талап кылышкан. Токон Мамытовдун маалыматына ылайык, нааразы тарап менен милициянын тирешүүсүнөн 8 адам жараат алган. (AKu)