Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Түркиядагы демонстрациялар өткөн түнү да уланды


Стамбулдагы демонстрациядан бир көрүнүш. 1-июнь, 2013-жыл.
Стамбулдагы демонстрациядан бир көрүнүш. 1-июнь, 2013-жыл.
Нааразылык акциялар Стамбул менен Анкара шаарларында болду. Полиция Стамбулдун демонстранттар кирүүгө умтулган борбордук Таксим аянтынан брондуу унааларын кечээ кечинде эле чыгарып кеткен болчу. Анын алдында Стамбул менен Анкарадагы демонстрацияларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөр колдонулган.

Ар башка токсондон ашуун демонстрациялардан улам 900дөн ашуун киши камалган. Дарыгерлердин айтымында, Стамбулдагы кагылыштардан 1000дей киши жаракат алды.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган кечээ демонстрациялар өкмөттүн планын өзгөртө албасын эскертип, аны тезинен токтотууга чакырган.

Тополоң өкмөттүн Стамбулдагы Таксим аянтынын жанындагы паркта курулуш жүргүзүү планынан улам чыгууда.

Шаардагы нааразылык акцияларын полициянын күч менен басышы премьер-министр Эрдоганга жана анын байистүү исламчыл “Адилетүүлүк жана Өнүгүү” партиясына каршы нааразылыктардын кеңейишин шарттады. (UE)

XS
SM
MD
LG