Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Бишкектеги "Ош" базарында 600 чарчы метр жер күйүп кетти


Кечээки өрттөн Ош базарынын самын-сумун саткан бөлүгүндөгү 25 контейнердин, 16 соода орундарынын товарлары күйүп кетти. Өрттөнгөн жердин жалпы аянты – 600 чарчы метр. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар такталып жатат.

1-июнда кечки саат бештер чамасында аталган базарда өрт чыкканы маалым болгон. Өрт өчүрүү кызматкерлери аны толугу менен өчүрүштү.

Өлкө боюнча кечээ 14 өрт кырсыгы катталды. (AKu)

XS
SM
MD
LG