Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Жалал-Абад: Тосулган жолдо топтолгон унаалар көбөйүүдө


Бишкек-Ош жолунун Барпы айыл өкмөтүндөгү Датка айылынын тушунан тосулган жеринде токтоп турган унаалардын саны улам көбөйүүдө. Жол тосулган жерде жүргөн кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун айтымында, жолдун эки тарабында токтоп турган унаалардын аягы көрүнбөйт жана алардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Жол тоскондор болсо азыр жолдун ортосуна боз үй тигип жатат. Ушу тушта Бишкек-Ош жолунун бул бөлүгү таштар жана жүк ташуучу чоң унаалар менен бөгөлүп турат.

Кабарчыбыз бул жерде милиция кызматкерлери да жүргөнүн, бирок алардын эч кандай аракети байкалбаганын кошумчалады. Жол тосуп жаткандардын так саны да белгисиз, болжол менен миң чамалуу киши.

Жол тоскондор бүгүн эртең менен камакка алынган лидери Медер Үсөновду тезинен бошотууну талап кылышууда.

Жалал-Абадда митингге чыккандар 31-майда каршылык акцияларын уюштуруп келген Медер Үсөновду губернатор деп жарыялашкан. Бүгүн аны УКМК камакка алганы белгилүү болду. (SM)

XS
SM
MD
LG