Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди. Анын айтымында, эртен мененки 8ге карата 30га жакын митингчи Бишкек - Ош жолун Сузактагы Барпы айыл өкмөтүнүн аймагынан тосуп турушат. Алар жолдун ортосуна боз үй тигишип, таштар жана жүк ташуучу чоң унаалар менен бөгөшкөн. Тосулган жолдун эки жагындагы 1000ге чукул унаа топтолду. Милиция жана жергиликтүү бийликтердин жолду ачуу боюнча сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай майнап чыккан жок.
Нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири, камактагы “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бийлик алдына коюлган талаптар аткарылмайын жол ачылбайт:
- Биздин Кумтөрду мамлекетке кайтарып алуу, камактагы “Ата Журттун” лидерлерин жана кечээ камакка алынган Медер Үсөновду бошотуу, “7-каналга” жасалып жаткан бут тосууларды токтотуу талаптары аткарылмайын жол ачылбайт.
Жалал-Абаддагы нааразылык акциясы 31-майда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда Кумтөр кенине каршы чыккандарга тилектештик иретинде башталып, облустук акимчиликти ээлеп алуу менен коштолгон. Үч күндөн бери нааразылыкка чыгып жаткандардын лидери Медер Үсөновдун жекшембиде камалышы аймактагы кырдаалды курчутуп жиберди. УКМКнын тараткан маалыматына караганда, Үсөнов ишембиде Жалал-Абад шаардык прокуратурасы козгогон кылмыш иштин негизинде камалган. Шаардык прокуратура Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.(BkA\YA)