Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жекшемби күнү Баткен облусунун Лейлек районунда жана Исфана шаарында катуу добул сокту. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жетип, облус аймагындагы Кара-Булак, Айкөл жана Миң-Жыгач айылдарындагы 112 үйдүн жана 1 мектептин чатырларын алып кеткен. Алдын-ала маалыматтар боюнча, киши өмүрүнө зыян келген жок. (BkA)