“Эл үнү” коомдук кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров "Азаттыктагы" маегинде соңку митингдерди уюштурду деп ага жалаа жаап жатышканын билдирди.
Бекназаров "Эл үнү" Кумтөр боюнча азыр иштеп жаткан келишимди жокко чыгаруу талабын көтөрүп келгенин, бирок мындай мыйзамсыз аракеттерди колдобосун айтат:
- Биз мыйзамсыз жолдорго бармак эмеспиз. Жол тосуп, электр энергиясын үзүү сыяктуу радикалдуу аракеттерди бийлик өзү, бийликтин адамдары уюштурган. Ошондуктан аларды жоопко тарта албай, кайра алардан кечирим сурап отурушат.
Айрым маалымат каражаттары Жети-Өгүздөгү митингдердин артында Азимбек Бекназаров турат деп кабарлашкан.(ZKo)