Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:12

Жалал-Абад: жол тосулган жерде медпункт иштеп жатат


Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы өкүлү Анара Ешжоджаеванын маалымдоосу боюнча тосулган Бишкек-Ош жолунун боюнда медициналык жардам көрсөтүүчү түйүн иштеп жатат. Анда 2 дарыгер, 1 фельдшер жана 6 медсестрадан турган үй-бүлөлүк топ иштеп жатат. Жол тосулгандан бери дарыгерлерге 21 киши кайрылып, баш оорусуна жана кан басымынын жогорулоосуна даттанышкан. Дарыгерлер ошондой эле токтоп турган автоунаа айдоочуларынын жана жүргүнчүлөрдүн ден соолугун да текшерип жатышат деп айтылат маалыматта.

Бишкек-Ош жолу Сузак районунун Датка айлынын тушунан кечээ кечинде жабылган. Жол тоскондор Медер Үсөновду, Жети-Өгүздө кармалып, камалгандарды, “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарын бошотуу талабын коюшууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG