Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Жалал-Абадда жол тоскондордун саны көбөйүүдө


Бишкек-Ош жолун Сузактын Датка айылынан бууп турган адамдардын саны улам көбөйүп жатканын аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан адамдар келип, жол тоскондорго кошулуп жатат.

Уюштуруучулардын маалыматында ушу тапта жол тоскондордун саны эки миңден ашты, ал эми көз карандысыз байкоочулар нараазылык акциясына миңге чукул адам катышып жатканын билдиришүүдө.

Нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири, “Ата-Журт” партиясынын камактагы лидери Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, акцияга жаңы кошулган адамдардын катышуусу менен кечки саат 7де митинг өткөнү жатат. Тосулган жолдун эки тарабында азыр 1500гө чукул унаа топтолду.

Бишкек-Ош жолу Сузактын Датка айылынын тушунан кечээ кечтен бери тосулуп турат. Жол тоскондор митингчилер 31-майда губернатор деп жарыялаган Медер Үсөновду, “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарын бошотуу жана Кумтөр келишимин жокко чыгаруу талабын коюшууда.(BkA\YA)

XS
SM
MD
LG