Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28
Тосулган жол, 4-июнь, 2013.
Тосулган жол, 4-июнь, 2013.

LIVE BLOG: Жол тосулган жерде...

Жалал-Абаддын Барпы айыл өкмөтүндө 2-июндан бери тосулган Бишкек-Ош жолу ачылды.

17:43 5.6.2013
14:12 5.6.2013
Жалал-Абад: облакимчиликтин алдында митинг аяктады

Кабарчыбыз Ырыспай Абдраимовдун маалымдашынча, облустук акимчиликтин короосундагы митинг аяктады. Анда өкмөт башчысы Сатыбалдиев нааразылык акцияга чогулгандар менен сүйлөшүп, мыйзамды сыйлоого чакырды. Камактагы депуттардын ишин сот чечерин, өзү сот чечимине таасир эте албасын айтты. Азыр өкмөт башчы нааразылык акцияга чогулгандардын алты өкүлү менен өзүнчө жолугуп жатат.

Митингге болжол менен миңдей адам катышты. Учурда имараттын ичинде жана короосунда 100 чакты адам турат. Алар “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарын бошотууну талап кылууда. Эгер талаптар аткарылбаса ар кандай нааразылык апкциялар уланарын, кайра жол тосуларын эскертишти. (EBM/YA)
14:10 5.6.2013

Атамбаев Сузакка өзгөчө абал жарыяланышы ыктымалдыгын айтты

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугуп, Жалал-Абаддагы кырдаалды талкуулады. Президент анда баш аламандыкты, жол тосууну уюштургандар жазаланышы керектигин эскертти. Эгер Сузакта митингчилердин мыйзамсыз, башка жарандардын укугуна доо келтирген аракеттери токтобосо аймакка өзгөчө абал жарыяланышы ыктымалдыгын айтты.

Буга чейин өзгөчө абал Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциялар, аны менен коштолгон калайман баш аламандыкты жөнгө салуу үчүн өзгөчө абал жарыяланган болчу. (EBM)

13:47 5.6.2013

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG