Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Жол тосуудан келтирилген чыгымдар эсептелүүдө


Бул боюнча атайын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кошулган комиссия түзүлдү. Комиссиянын мүчөлөрү, кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева менен Сузактын акими Нурболот Мирзахмедов бүгүн тосулган жолдо токтоп турган автоунаалардын ээлери менен жолугушту. Алардын айтуусунда, комиссия жолдун ачылышын күтүп турган бардык автоунаалардын мамлекеттик номурларын каттоого алат, андан тышкары жүк ташуучу автоунаалардагы жүктөрдүн суммасын аныктамакчы.

2-июнда митингчилер тарабынан бөгөлгөн Бишкек-Ош жолунун боюнда токтоп турган автоунаалардын айрымдарында тез бузулуучу жашылча-жемиштер бар экени, андан ириде ишкерлер запкы тартып жатышканы айтылып келет.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG