Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Вашингтон “Кыргызтрансавиага” санкция жарыялады


АКШ Мамдепартаменти "Кыргызтрансавиа" (KTA) компаниясын Иранга санкциядан качканга көмөктөшкөн деп күнөөлөп, ага каршы санкция жарыялады.

АКШ Мамдепартаментинин маалымдашынча, “Кыргызтрансавиа”, Украинанын “Буковина” жана “Украина-Жер ортолук деңизи авиакаттамдары”, ошондой эле Бириккен Араб Эмирлигинин компаниялары Ирандын авиакомпанияларына (“Махан ейр” жана“Иран ейр”) учак саткан жана учактарын лизингге берген.

“Кыргызтрансавиа” 2009-2010-жылдары Ирандын “Махан ейр” компаниясынын 8 учак сатып алуусуна ортомчулук кылган. Алардын айрымдарын “Махан ейр” Сириядагы режимге мыйзамсыз жүктөрдү ташуу үчүн, ошондой эле Европа жана Азияга жүргүнчүлөрдү тартуу үчүн пайдаланылганы айтылат билдирүүдө.

“Кыргызтрансавианын” вице-президенти Таалайбек Окенов “Азаттыкка” курган маегинде буларды айтты:

"Биздин авиакомпанияда жүргүнчүлөрдү ташуучу Airbus 310 жана Airbus 300 учактар бар. Булар жүргүнчүлөрдү ташуучу учак болгондуктан жүргүнчүлөрдү гана ташыйт. Эл аралык жарандык авиация уюмунун эрежеси боюнча биздин компанияга каруу-жарак ташыганга уруксат жок. Биздин компаниянын учактары курал-жарак ташыган эмес жана ташыбайт".

Мурда Мамдепартамент Ирандын ислам сакчылары корпусун Ливандын “Хезболла” уюмунун атынан Сирияга каруу-жарак, түрдүү товарлар жана адам менен жардамдашат деп айыптаган. (AU)

XS
SM
MD
LG