Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү жана Эл аралык иштер боюнча комитеттери кыргыз өкмөтүнө Кумтөр боюнча Centerra Gold Inc. менен сүйлөшүүгө дагы үч ай мөөнөт беришти. Ага ылайык, өкмөт сүйлөшүүнүн жыйынтыгын парламентке 1-октябрдан кечиктирбей апкелүүгө тийиш. Бул тууралуу "Азаттыкка" ЖК депутаты Эркингүл Иманкожоева маалымдады.
1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн парламенттин тиешелүү комитеттерине Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Centerra Gold Inc. компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.(ZKo)