Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Президент оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салган мыйзамды колдогон жок


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке “Автомобиль транспорту тууралуу” мыйзамына карыш пикирин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент аталган мыйзам унаа кызматын көрсөтүү тармагынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизээрин жана башка мыйзамдарга карама-каршы келген нормалар бар экенин билдирип, аны кайрадан иштеп чыгууга парламентке жөнөттү.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын апрел айында кабыл алган. Ага ылайык, оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салуу каралган. Мыйзамдын демилгечилери мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керек экенин белгилешкен. Бирок мындай демилгеге оң рулдуу унаалардын айдоочулары каршы чыгып, мыйзам жарандардын эркиндигин чектеп жатат деген жүйө менен нааразылык акцияларын өткөргөн болчу. (BkA)
XS
SM
MD
LG