Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Түркия: өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланууда


Толкундоолордун алтынчы күнү да полиция менен демонстранттардын кагылышы менен коштолду. Кечээ кечинде полиция Анкара жана Стамбулдун көчөлөрүнө чыккан элди кууп таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөрдү колдонду. Шейшембиде өлкөнүн вице-премьер-министри Бүлент Арынч акциянын алгачкы күндөрүндө демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонгонун моюнуна алып, бул үчүн кечирим сурады. АКШ жана НАТО түрк бийлигинин мындай кадамын колдоого алды.

Алгач бийликтин Стамбулдун борбордук Таксим аянтындагы паркты бузуу планынан тутанган нааразылык өткөн аптанын жума күнү башталып, бүткүл өлкө боюнча өкмөткө каршы жүрүшкө айланды.

Демонстранттар премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды "авторитардык бийлик орнотуп жатат" деп айыптап, отставкасын талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG