Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Медербек Үсөнов Жалал-Абадга жетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын төрага орун басары Данияр Жаныкулов маалымдады. Анын айтымында, Үсөнов азыр Барпыда Ош-Бишкек жолун бууп тургандарга барганы жатат.

Жалал-Абаддагы облустук акимиятты ээлеп алуу фактысы боюнча камакка алынган Үсөновду өткөн түнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бошоткон.

2-июнда камакка алынган Медербек Үсөнов кечээ кечке жуук “Ата-Журт” фракциясынын 4 депутатынын жеке кепилдиги менен чыккан. Бирок жарым саат өтпөй “Манас” аба майданынан Ошко учуп кетээр алдында түшүнүксүз жагдайда кайра кармалганы айтылган. Үсөновго байланышкан акыркы окуялар боюнча УКМК расмий түшүндүрмө бере элек.

Үсөновго 31-майдагы Жалал-Абад облустук акимиятын ээлеп алуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин "бийликти басып алган жана бийликти басып алууга чакырык жасаган" деген беренелери боюнча айып тагылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG