Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Талас: ордо жана күрөш командалары республикалык мелдеште жеңүүчү болду


Таластык спортчулар Ысык-Көлдө өткөн спорт мелдешинде улуттук оюндар боюнча бир катар жеңиштерге жетишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас облустук спорт комитетинин башчысы Чубак Карабалаев кабарлады.

"Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө" деп аталган республикалык спорттук иш-чарада Таластын күрөш жана ордо боюнча командасы жеңүүчү аталып, тогуз коргоол боюнча байгелүү орунга ээ болгон.

Президенттин спортту өнүктүрүү боюнча ураанынын негизинде Чолпон-Ата шаарында өткөн улуттук оюндардын мелдеши 28-майда башталып, 2-июнь күнү жыйынтыкталган. (MbA)

XS
SM
MD
LG