Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев аталган фракция экономика министри Темир Сариевдин Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу керек деген позициясын колдойт деп билдирди. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жакында Жети-Өгүз районуна барганда келишимди денонсациялоо тууралуу сөз боло электигин айтканын, ал эми биринчи вице премьер-министр Жоомарт Оторбаев бир тараптуу денонсацияга барбай турганын жарыялаганын, ушундан улам өкмөттө Кумтөр боюнча үч башка көз караш бар экенин белгиледи. Абдылдаев депутаттарды Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу позициясын колдоого чакырды.
Жогорку Кеңеш учурда кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд Инк” компаниясынын сүйлөшүүлөрүн талкуулап жатат. Өкмөт сүйлөшүүлөр үчүн дагы үч ай убакыт берүүнү суроодо. (EBM)
Жогорку Кеңеш учурда кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд Инк” компаниясынын сүйлөшүүлөрүн талкуулап жатат. Өкмөт сүйлөшүүлөр үчүн дагы үч ай убакыт берүүнү суроодо. (EBM)