Былтыр Ооганстанда 16 тургунду өлтүргөнү үчүн айыпталган сержант Роберт Бейлс өлүм жазасынан кутулуу үчүн күнөөсүн мойнуна алаары күтүлүүдө. 39 жаштагы Бейлсге он алты киши өлтүрүү жана жети кол салуу кинеси боюнча айып коюлган. Ал бүгүн АКШнын Вашингтон штатындагы аскер сотунда өз күнөөсүн мойнуна алаары кабарланууда.
Ооганстандын түштүгүндө былтыр марттагы кыргында набыт болгон 22 кишинин 17си аялдар менен балдар болгон. Бейлстин адвокаты ал күнөөсүн мойнуна алса, өлүм жазасына кесилбейт деп прокурорлор менен макулдашууга жетишкендигин өткөн аптада кабарлаган.