Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Астанада бекер билим алуу үчүн мамкызматкерлерге сынак жарыяланды


Бул тууралуу Кыргызстандын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы билдирди. Ага ылайык, сынактан өткөн эки мамлекеттик, же муниципалдык кызматкер Казакстандын Астана шаарында, казак президентинин мамлекеттик башкаруу академиясында бекер билим алат. Окутуу Ханс Зайдель немис фондунун каражаты менен ишке ашууда.

Сынакка катышуучу талапкерлердин мамлекеттик кызматта кеминде эки жылдай тажрыйбасы болушу керек жана жашы 35тен ашпоосу зарыл. Документтер 15-июнга чейин кабыл алынат. (EBM)

XS
SM
MD
LG