Камактагы депутаттардын ишин карап жаткан Бишкек шаардык соттун судьялар коллегиясы түшкү тыныгуудан кийин алардын баш коргоо чарасы боюнча өтүнүчтү кароо үчүн кеңешүүгө кетти. Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат, коомдук жактоочу Жылдыз Жолдошева бүгүнкү соттук процессте депутаттарды үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч келтирген эле. (EBM)