Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Кыргызстанда жайкы туристтик сезон ачылды


Кыргызстанда жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы өтүп жатат. Ысык-Көл районунда өтүп жаткан бул иш-чарага өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышууда.

Кыргызстанда жайкы туристтик сезондо кирешенин чоң бөлүгү Ысык-Көлдөн түшөт. Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун билдиришинче, Ысык-Көлдөгү туристтерди кабыл алган жайлардын көбү алдыдагы эки айга тапшырык алганын билдирген. Быйыл бул аймакка келе тургандардын башында казакстандыктар, орусиялыктар турат. Германия, Франция сыяктуу Европа өлкөлөрүнөн да туристтер тапшырык беришкен.

Тамчыдагы аба майдан быйыл толугу менен оңдолуп, учактардын бардык түрүн кабыл ала баштаары бүгүнкү ачылышта айтылды.

Туризмди тейлөө тармагы быйылкы сезондо 7 миллиард сом киреше алууну болжоп жатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG