Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин абактан качышы боюнча сот иши башталат. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Бул соттук жараян 20-майга белгиленген. Бирок буга чейинки жараяндын бирине мамлекеттик айыптоочунун, экинчисинде Бакиевдин жактоочусу келбей калып, иш каралган эмес.
Акмат Бакиев 2010-жылы жайында кармалып, апрель, июнь окуяларындагы башаламандыктар боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылдын башында ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган. Ошол жылдын март айында Бакиевдин өлкөдөн качып кеткени маалым болгон.(BkA)