Лондондо сот алты исламчы экстремистти 18 жана 19 жылга кести. Алар өткөн жылы Англиянын түндүгүндө жайгашкан Йоркширде ультра оңчулдардын акциясы учурунда террорчул чабуулду уюштурууга аракеттенген деп күнөөлөнгөн эле.
Экстремисттерде эки мылтык, канжарлар, бычактар жана жардыргыч зат болгон. Тергөө көрсөткөндөй, чабуул митинг жарым саат эрте аяктаганы үчүн гана ишке ашпай калган.
Ультра оңчулдар менен Улуу Британиядагы мусулмандардын ортосундагы тирешүү 22-майда британиялык жоокер өлтүрүлгөндөн кийин күчөдү, себеби аны исламисттик экстремисттер өлтүргөн деп болжолдонууда. (AiK)