Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин төрагасы Ишимбай Чунуев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жерүй кенин иштетүү боюнча жаңы сынактын шарттарын өкмөт кийинки аптада жарыялашы мүмкүн. Ага ылайык, кенди аукционго коюу боюнча комиссиянын курамы өзгөрүлүп, бир катар жаңы эрежелер киргизилмекчи.
Жерүйдү иштетүү боюнча буга чейинки жарыяланган сынак каалоочулар жок болгондуктан өтпөй калган.
Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.(BkA)