Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Токтогулда тазалоо иштери аяктады


Райондун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында Бел-Кара-Суу айылында ички чарбалык жолдун 600 метрин 5-июнда сел алган. Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Абдыракманов көчөсүндөгү 5 турак үйдүн короо-сарайларына, чарбактарына селдин суусу агып кирген. Карды-Жарык каналына кокту-колоттон түшкөн сел суулары топтолуп, Үч-Терек айылында 6 турак үйдүн там аркаларын каптаган. Жергиликтүү тургундардын аракети менен аталган айылдарда тазалоо иштери аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. (YA)

XS
SM
MD
LG