Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Жалал-Абад, Жети-Өгүз окуяларын иликтөө үчүн өкмөт комиссия түздү


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, комиссияны вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетектейт. Өкмөт башчынын жардыгы менен комиссияга Жети-Өгүз жана Жалал-Абад окуяларынын тутанган жагдайын иликтөө, Ош-Бишкек жолунун жабылышына байланыштуу чыгымды эсептөө тапшырылды.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акция жана андан кийинки калайман башаламандыктын кесепетинин чыгымы 4 миллион долларды түзгөнүн билдирген.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Жалал-Абадда 31-майдан 5-июнга чейин болгон окуяларга байланыштуу козголгон иштин алкагында 6 адамга: Медербек Үсөнов, Шайырбек Ташиев, Жеңиш Токторбаев, Абсатар Сыргабаев, Азимбек Жумашев жана Айбек Сулаймановго айып тагылды. Алар бийликти күч менен басып алган, күч менен басып алууга чакырган жана массалык башаламандык уюштурган деп күнөөлөнүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG