Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Guardian басылмасынын кабарчысы жаңы "ачылыштар" болорун айтты


Журналист Гленн Гринуолд ЦРУнун мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден турган Гонконгдогу мейманканадан чыгып баратат, 10-июнь, 2013
Журналист Гленн Гринуолд ЦРУнун мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден турган Гонконгдогу мейманканадан чыгып баратат, 10-июнь, 2013
Британиядагы Guardian басылмасынын кабарчысы Гленн Гринуолд буга чейин АКШ өкмөтүнүн жашыруун программасы жөнүндө ачыкка чыккан маалыматтын негизинде “дагы ондогон окуялар” боюнча кабар чыгарын айтты. Гринуолдго ал жашыруун маалыматтарды америкалык 29 жаштагы жаран Эдвард Сноуден берген. Сноуден мурда АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинде иштеген.

Өткөн аптадагы макаласында Гринуолд Кошмо Штаттардын өкмөтү миллиондогон адамдардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап, ири интернет компаниялардын серверлерине кире ала турганын ошол Сноуденден түшкөн маалыматтын негизинде жазган болчу. Журналист бүгүн билдиргендей, азыр кийинки макала качан басылары тууралуу чечим кабыл алынып жатат.

Сноуден болсо “дүйнө элдеринин эркин жашоого укугун коргош үчүн жашыруун маалыматты ашкерелегенин” билдирди. Азыр анын каерде жашырынып жүргөнү белгисиз. Гонконгдогу мейманкадан ал кечээ чыгып кеткени айтылууда. Президент Барак Обама аталган программаны “толугу менен мыйзамдуу” иштеп жаткан чалгын аракети деп, анын “чет өлкөлүк террористтерди гана аңдыш үчүн колдонуларын” айткан.

XS
SM
MD
LG