Дүйшөмбүдө Бакунун райондук соту журналист Исмаилованы 500 доллар айыппулду төлөгөндөн баш тартканы үчүн 220 саат кара жумушка милдеттендирген чечимин чыгарды. Бир нече башка активисттер менен кошо Исмаилова быйыл январда Бакуда өкмөткө каршы митингге катышканы үчүн айыппулга жыгылган.
“Азаттыктын” азери кызматынын кабарчысы катары Исмаилова былтыр өкмөттүн коррупциялык иштерин иликтеген макалаларынан кийин коркутуп-үркүтүүлөргө, аны жаманатты кылган чабуулдарга кабылган. Былтыр октябрда Аялдардын Эл аралык Медиа кору ага “Журналистикадагы эрдиги үчүн” сыйлык тапшырган.